Ошто үйү бузулгандар 10 күндө жаңы үйлүү болушат

 Ошто үйү бузулгандар 10 күндө жаңы үйлүү болушат

Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган бардык жарандар турак жайлуу болушат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэр Жанарбек Акаев оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан Ош көчөсүнө барып, турак жайы бузулган тургундар менен жолукту.

Анын айтымында, бир дагы жаран турак жайсыз калбайт

“Бузулган үйлөрдүн ордуна тургундарга 10 күндүн ичинде Эне-Сай жаңы конушунан үйлөр берилет. Жакынкы күндөрү 20 үй ээлерине тапшырылып, андан соң турак жайлар этап-этабы менен берилет”, – деди мэр.

Связанный пост