Европа биримдигинде төрөлүү көрсөткүчү тарыхтагы эң төмөнкү деңгээлге түштү
Европа биримдигинин төрөт көрсөткүчү 2024-жылы рекорддук төмөнкү деңгээлге түшүп, ар бир аялга 1,34 төрөт туура келди. Европа статистикалык агенттигинин маалыматына ылайык, бул санак 2001-жылдан берки байкоолордун тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүч.
2024-жылы ЕБ өлкөлөрүндө 3,55 миллион бала төрөлгөн. Бул 2023-жылдагы 3,67 миллион балага салыштырмалуу 3,3 пайызга аз. Төрөт көрсөткүчү ар бир аялга карата 1,38ден 1,34кө чейин төмөндөгөн.
Евростат эң жогорку көрсөткүч Болгарияга таандык экенин белгилеген. Бул өлкөдө ар бир аялга 1,72 төрөт катталган. Францияда 1,61, ал эми Словенияда ар бир аялга 1,52 төрөт туура келет.
“Төрөттөгү эң төмөнкү көрсөткүч Мальтага таандык. Бул мамлекетте ар бир аялга 1,01 бала туш келет. Испанияда 1,10, ал эми Литвада 1,11 төрөт деп эсептелген”, – деп билдирди Евростат.
Жакында эле АКШнын Калкты каттоо бюросу дүйнөдө биринчи жолу 65 жана андан улуу курактагылардын саны жаш балдардын санынан ашканын билдирген. Изилдөөлөргө ылайык, демографиялык өзгөрүү төрөттүн азайышы жана жашоо узактыгынын өсүшү менен шартталган. Улгайган адамдардын үлүшү жакынкы он жылдыктарда дагы жогорулоосу күтүлүүдө.
Аталган бюронун маалыматына ылайык, 2022-жылы дүйнө жүзү боюнча улгайган адамдар менен жаш балдардын үлүшү болжол менен 10% ды түзгөн. Бирок, 2023-жылдан баштап бул айырмачылык кеңейе баштаган. Божомолдор боюнча, 2060-жылга чейин карылардын үлүшү 20% га чейин көбөйөт, ал эми балдардын үлүшү 7% га чейин төмөндөйт.