Камсыздандыруу: Быйыл турак жайы жабыркагандарга 60 млн сом төлөндү

 Камсыздандыруу: Быйыл турак жайы жабыркагандарга 60 млн сом төлөндү

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан 26-октябрына чейин турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча 315 учурга 60 млн 172 миң сомдон ашык төлөм жүргүзүлдү. Бул тууралуу “Кабар“ агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жылына шаарларда 1 200 сом, айыл жергесинде 600 сом турат.

“Камсыздандыруу төлөмүнүн эң жогорку өлчөмү шаарларда 1 млн сомго чейин, айылдарда 500 миң сомго чейин жетет”, – деп айтылат маалыматта.

2026-жылдын 26-октябрына карата өлкөдө 410 миң 643 камсыздандыруу келишими түзүлүп, турак жайларды камсыздандыруу менен камтуу деңгээли 31,7%ды түзгөн.

Связанный пост