Жакынкы жылдары Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миллионго жетет
Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин агымы кескин өстү жана жакынкы жылдары бул көрсөткүч 25–30 миллион адамга жетет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чаткал районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, статистикага таянсак, 2020-жылы өлкөгө 3,5 миллион гана турист келген болсо, учурда бул көрсөткүч 13 миллионго жетти. Ал эми алдыдагы жылдары туристтердин агымы мындан да жогорулайт.
Туризм тармагындагы мындай жигердүү өсүшкө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чоң түрткү болду. Иш-чараны дүйнө жүзү боюнча 8 миллиарддай адам көргөн.
Президенттин айтымында, азыркы тапта Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде жана консулдуктарында өлкөгө келүү үчүн виза алууну каалаган чет элдик жарандардын кезеги пайда болду.