Кыргызстанда энелердин өлүмү азайды

 Кыргызстанда энелердин өлүмү азайды

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде энелердин өлүмүнүн 23 учуру катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4 пайызга аз.

“Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 миң тирүү төрөлгөн балага 22,1 учурду түздү. Министрлик энелердин өлүмүн азайтуу үчүн кош бойлуулуктагы тобокелдиктерди өз убагында аныктоого, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө жана үй-бүлөнү пландоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө көңүл бурууда. Заманбап контрацепция каражаттарын сатып алууга 12,5 миллион сом бөлүү каралган”, — деп айтылат маалыматта.

Связанный пост