Президент Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун эли менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы райондун бюджетинин кыйла өскөнүн айтып, өздүк бюджеттик каражаттардын көбөйүшү менен катар аймак социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн республикалык бюджеттен да олуттуу каржылык колдоо алып жатканын баса белгиледи.

“Базар-Коргон районунун 2021-жылы бюджетинин көлөмү 189,6 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 350,5 млн сомго жеткен. Башкача айтканда, райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйгөн.
2026-жылга Базар-Коргон районунда объектилерди куруу үчүн “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылоо каралган. 2026-жылдын 1-октябрына карата бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 767,3 млн сомду түздү.
Райондо акыркы беш жылда жалпы 57 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Анын ичинен 2026-жылы 21 чакырым жол асфальтталды”, – деди Президент.

Ал ошондой эле аймакта «Алтын Казык» программасы ишке ашырылып жатканын белгиледи. Бардык мектептерде усулдук иш-чаралар, мугалимдер үчүн тренингдер өткөрүлүүдө. Жаңы муундун өкүлдөрүн жаңы ыкмалар менен окутууга басым жасалууда.

Инфраструктураны өнүктүрүүгө токтолгон Садыр Жапар Базар-Коргон шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын калыбына келтирүү боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып жатканын билдирди. Район аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагыч куруу боюнча долбоорлоо иштери аяктаары менен курулуш иштери башталмакчы. Жаңы келген атайын техникалар менен ички чарбалык каналдар тазаланып, вегетациялык мезгилге каналдарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мамлекет башчысы инфраструктуралык маселелерди чечүү менен катар аймактын жаратылыш жана экономикалык дараметин натыйжалуу пайдалануу маанилүү экенин баса белгиледи. Ал Базар-Коргон районундагы жаңгак токойлору дүйнөдөгү эң ири токойлордун катарына кирерин белгилеп, чийки затты экспорттоодон жаңгакты кайра иштетүүгө, жаңгак майын, пастасын жана унун өндүрүүгө, ошондой эле «Табигый кыргыз жаңгагы» улуттук брендин жайылтууга өтүү зарылдыгын айтты.

Президент райондун социалдык маселелерине да өзүнчө токтолду. Ал 2028-жылга чейин мектептердин жетишсиздиги көйгөйүн толук чечүү максаты коюлганын, андан кийин негизги көңүл бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн курууга жана жаңылоого буруларын билдирди.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Связанный пост