Кыргызстан саякат үчүн эң мыкты өлкө аталды
Кыргызстан эл аралык Much Better Adventures туристтик платформасы түзгөн Solo Adventure Travel 2026 рейтингинде биринчи орунду ээлеген.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков белгилегендей, муну окуп коюш жөнөкөй эле, бирок анын артында кандай эмгек жатат, ал узак сөз.
Анын айтымында, бул рейтингде өлкөлөрдүн туристтер үчүн коопсуздугу, жаратылышы, тоо туризминин мүмкүнчүлүктөрү, саякаттын жеткиликтүүлүгү жана уникалдуу маршруттары эске алынат.
“Кыргызстан ушундай деңгээлге кантип жетти? Мунун артында өлкөбүздөгү саясий туруктуулук, коопсуздуктун бекемделиши, мамлекеттик реформалар, инфраструктуранын өнүгүшү жана дүйнөгө ачык болуу саясаты турат. Мурда Кыргызстан эл аралык коомчулукта саясий толкундоолор, туруксуздук жана жакырчылык менен көбүрөөк байланыштырылып келсе, бүгүн өлкөбүздүн эл аралык аброю жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатат”, – деди Орунбеков.
Ал учурда Кыргызстан дүйнөлүк туристтик платформаларда кооз жаратылышы, меймандостугу, саякат үчүн ыңгайлуу шарттары менен таанылып жатканын белгиледи. Айрыкча, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш чаралардан кийин кызыккандардын саны өстү.
“Албетте, биздин тоолорубуз, көлдөрүбүз, керемет жаратылышыбыз мурда деле бар болчу. Өзгөргөн нерсе өлкөнүн туруктуулугу, дүйнөгө таанылышы жана туристтердин Кыргызстанга болгон ишеними. Бул жөн гана туристтик рейтинг эмес. Бул Кыргызстандын эл аралык имиджи бекемделип жаткандыгынын дагы бир жакшы белгиси. Туруктуу мамлекетке ишеним артат. Ишеним бар жерге турист келет, инвестиция келет, өнүгүү болот.
2026-жылдагы дүйнөлүк туристтик рейтингдин ТОП-10 тизмеси:
- Кыргызстан;
- Италия;
- Япония;
- Португалия;
- Өзбекстан;
- Реюньон аралы (Франция);
- Испания;
- Норвегия;
- Танзания;
- Непал.
Бул сыймык, келечек үчүн түзүлгөн фундамент жана чоң абийир”, – деди ал.