Жогорку Кеңештин төрагасы Франция Сенатынын ишмердиги менен таанышты

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Франция Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Франция Республикасынын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу пикир алышты.

Ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоо, достук топторунун ишмердүүлүгүн активдештирүү, өз ара тажрыйба алмашуу жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары жолугушууда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, туризм жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери талкууланды.

Эки тараптуу жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Франция Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын ортосундагы кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун мүчөлөрү, депутаттар Сеидбек Атамбаев, Гүлай Машрапова, Дастан Бекешев, Жылдыз Садырбаева, Жылдыз Эгенбердиева, Алишер Козуев жана Максат Алымбеков, ошондой эле Франция Республикасынын Сенатынын сенатору, Франция–Борбор Азия парламенттер аралык достук тобунун Кыргызстан боюнча делегациясынын төрайымы Надя Соллогуб катышты.

Андан соң депутаттар Франция Республикасынын Сенатынын ишмердүүлүгү, түзүмү жана мыйзам чыгаруу процессиндеги ролу менен жакындан таанышты.

Связанный пост