Ак-Талаада жер титиреди
Бүгүн, 2-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:39да Нарын облусунун Ак-Талаа районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кара-Булак айылынан түштүк-чыгышты көздөй 7 чакырым, Орто-Сырт айылынан түштүк-чыгышты көздөй 7 чакырым жана Баетов айылынан түштүк-чыгышты көздөй 32 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Орто-Сырт жана Кара-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.