Салык кызматы жаңы расмий сайтын ишке киргизди
Мамлекеттик салык кызматынын жаңы расмий сайт ишке киргизилди.
Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүнкү күндөн баштап жаңыланган санариптик платформа бардык колдонуучуларга жеткиликтүү.
“Жаңы https://sti.gov.kg/ сайты жарандар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле салыктык маалыматтарды алуу жана салыктык милдеттенмелерди аткаруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыкты”, – деп айтылат маалыматта.
Жаңыланган платформа жөнөкөйлөштүрүлгөн түзүмү, заманбап дизайны жана ыңгайлуу багыты менен айырмаланат. Сайттан ашыкча жана кайталанган бөлүмдөр алынып салынды, бул керектүү маалыматтарды тезирээк табууга мүмкүндүк берет.
Негизги мүмкүнчүлүктөрү:
- AiSalyk виртуалдык консультанты — жасалма интеллект технологияларын колдонгон чат-бот. Ал салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берет;
- бюджет менен эсептешүүлөрдү текшерүү — эсептешүүлөрдүн абалы тууралуу маалыматты авторизациядан өтпөстөн эле сайттын башкы бетинен алууга болот;
- электрондук ресурстарга тез жетүү — сайтта мамлекеттик маалыматтык ресурстарга, “Салык төлөөчүнүн кабинетине” жана башка сервистерге түз шилтемелер жайгаштырылган.
Учурда Салык кызматынын адистери колдонуучулардын керектөөлөрүн эске алуу менен платформаны мындан ары өркүндөтүү жана оптималдаштыруу боюнча иштерди улантууда.