Кыргызстан менен Катар парламенттер аралык кызматташууну кеңейтет

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабер Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча да сунуш-пикирлер айтылды.

Төрага Марлен Маматалиев мамлекеттер ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн 1998-жылдан бери Кыргызстан менен Катардын өнөктөштүгү жигердүү өнүгүп, анын ичинен саясий кызматташтык активдүү уланып келе жатканын баса белгиледи.

«Биз калыптанган байланыштарды парламенттер аралык алакалардын алкагында да кеңейтип, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча депутаттык достук топторунун ишин күчтөндүрүп, эки тараптуу иш сапарларды да уюштуруу парламенттик өнөктөштүк үчүн өзгөчө мааниге ээ», – деди.

Буга кошумча Катардын Мажлис Аш-Шурасынын (парламенти) Төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганим мырзага элчи аркылуу салам жолдоп, Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Али Жабер Аль-Гуфран Аль-Марри жылуу кабыл алып, көрсөткөн колдоосу үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, Катар үчүн Кыргызстан чөлкөмдөгү маанилүү өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи.

Ошондой эле элчи да Катардын Мажлис Аш-Шурасынын (парламенти) Төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганимдин жолдогон саламын жеткирип, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү багытындагы айтылган сунуштар маанилүү экенин жана бул багытта тыгыз иш алып баруу керектигин билдирди.

Жолугушууда тараптар соода байланыштарын өнүктүрүү, гуманитардык багыттагы долбоорлорду улантуу боюнча да пикир алмашты.

Связанный пост