Эми салыктар боюнча суроого AiSalyk жооп берет

 Эми салыктар боюнча суроого AiSalyk жооп берет

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр үчүн “Салык кеңеш” маалыматтык системасын жана жасалма интеллекттин негизинде иштеген AiSalyk чат-ботун ишке киргизди.

Ведомствонун маалыматына караганда, “Салык кеңеш” салык мыйзамдары жаатындагы ченемдик-укуктук маалыматтарды бирдиктүү базага топтосо, AiSalyk салык төлөөчүлөргө салык мыйзамдарын колдонуу боюнча маалыматтарды 24/7 режиминде алууга мүмкүнчүлүк берет.

“Чат-бот Салык кодексинин жана башка ченемдик документтердин жоболорун түшүнүүгө жардам берип, колдонуучуларга кийинки аракеттери боюнча багыт берет”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жаңы сервистер салыктык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, документтерди издөөгө кеткен убакытты кыскартууга жана салык төлөөчүлөргө маалымат берүүнүн ыңгайлуулугун арттырууга багытталган.

Связанный пост