Өлкө боюнча 660 мектепте “дүрбөлөң баскычы” орнотулган

 Өлкө боюнча 660 мектепте “дүрбөлөң баскычы” орнотулган

Өлкө боюнча 660 мектепте “дүрбөлөң баскычы” орнотулган. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Эрнес Дүйшөнбеков билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучулары арасында массалык мушташ же башка терс көрүнүштөр орун алган учурда, баскыч басылса милиция кыска убакыттын ичинде жетип барат.

Эрнес Дүйшөнбеков белгилегендей, учурда бардык мектептерге бул баскычты орнотуу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле ал мектептерде видеобайкоо камераларын да орнотуу иштери уланып жатканын айтты.

“Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, менчик түрүнө карабастан билим берүү мекемелерине видеокамералар орнотулууда. Республикa боюнча 2700дөн ашык билим берүү мекемесинин ичинен азыркы күнгө чейин 528 мектепке 749 видеокамера коюлду. Бул камералар ИИМдин Ыкчам башкаруу борборуна туташтырылып, коопсуздукту координациялоо күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жаш өспүрүм болобу же башка жаран болобу, ар бир укук бузуу боюнча жоопкерчилик сөзсүз каралат. Кылмыштардын келип чыгуу себептери аныкталып, ага жараша тиешелүү иш-чаралар улантылат”, — деп белгиледи Дүйшөнбеков.

Мындан тышкары, ал Ички иштер министрлиги менен Агартуу министрлигинин ортосунда атайын пландар жана буйруктар иштелип чыгып, балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралар ырааттуу жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Связанный пост