АКШ депортацияланган мигранттарды кабыл алган өлкөлөргө $410 млн бөлөт
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы депортацияланган мигранттарды кабыл алуу боюнча 31 өлкө менен түзүлгөн келишимдердин алкагында кеминде 410 миллион доллар бөлүүнү убада кылды. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка караганда, тиешелүү келишимдердин көбү Африка жана Латын Америкасындагы өлкөлөр менен түзүлгөн же учурда талкууланууда.
Бул макулдашуулар “үчүнчү өлкөлөр менен келишимдер” деп аталат. Ага ылайык, АКШ айрым мигранттарды өз жарандыгы болбогон жана мурда байланышы жок өлкөлөргө да жөнөтө алат.
Келишимдердин каржылык шарттары өлкөгө жараша айырмаланат. Документтерге ылайык, 13 өлкөнүн өкмөтүнө түздөн-түз төлөм катары 81 миллион доллар каралган. Мындан тышкары, АКШ администрациясы Эл аралык миграция уюмуна 179 миллион доллар, БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарына 124 миллион доллар бөлүүнү убада кылган.
Бул каражаттар келишимдерге катышкан өлкөлөрдө качкындарга жардам көрсөтүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалмакчы.
Басылманын маалыматына караганда, айрым өлкөлөр депортацияланган мигранттарды убактылуу кабыл алып, кийин аларды башка мамлекетке жөнөтүүгө да макул болушкан. Келишимдер кабыл алынуучу мигранттардын саны, жарандыгы жана алардын мурда соттолгон-соттолбогону боюнча да айырмаланат.
Мындай келишимдердин санын көбөйтүү Дональд Трамптын администрациясынын АКШдан депортациялоону күчөтүүгө багытталган миграциялык саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.