Быйыл Баткенде 146 чакырым жолго асфальт төшөлөт
Баткен облусунда быйыл 146 чакырым жолго асфальт төшөө пландалып, бул иштерге республикалык бюджеттен 1 млрд 241 млн сом каралган.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда Баткен району жана Баткен шаарынын аймагындагы бир катар жолдордо курулуш жана асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Анын ичинде Баткен – Жаңы-Баткен жолунун 4,5 чакырым тилкесинде төрт тилкелүү жол курулууда.
Мындан тышкары, Туура-Таш – РПУ, Айгүл-Таш – Согмент – Таян, Таян – Кан – Зардалы, Кара-Бак – Чет-Кызыл-Бай – Кара-Бак жана Раватка кирүүчү жолдордун айрым бөлүктөрүнө асфальт төшөлдү.
Ошондой эле Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы жана Миң-Өрүк – Самаркандек жолдорунда ири курулуш иштери уланууда.