Кыргыз футбол биримдиги бюджетин жана иш планын бекитти

 Кыргыз футбол биримдиги бюджетин жана иш планын бекитти

Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, ага биримдиктин президенти Адылбек Касымалиев төрагалык кылды.

Мекемеден билдиришкендей, жыйында КФБнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер каралып, 2026-жылга карата иш-чаралар реестри жана бюджет толуктоолор менен бекитилди.

Мындан тышкары, биримдиктин туруктуу комитеттеринин жаңыланган курамдары жактырылды. Алар техникалык, финансылык, калыстар, мелдештер, футзал жана кум үстүндөгү футбол, кыз-келиндер футболу, маркетинг жана социалдык жоопкерчилик, стратегиялык өнүгүү багыттарында иш алып барат.

Туруктуу комитеттер өз багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгып, КФБнын аткаруу комитетинин кароосуна киргизет.

Связанный пост