Баш байге: Көк бөрүдөн жеңген кыргыз курамасына 5 млн сом берилди
Көк бөрү оюнунун финалында баш байгени жеңип алган Кыргызстандын курама командасына 5 млн сом берилди.
Жеңүүчүлөргө сыйлыкты мамлекеттик катчы Арслан Койчиев тапшырды.
Анда кыргыз улакчыларына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалы жана 5 млн сом акчалай сыйлыктын сертификаты берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын курамасы оюнда Казакстандын спортчуларын 12:0 эсеби менен утуп алды.