Бишкекте Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болду
Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
“Ынтымак Ордо» имаратынын алдында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик желектери илинген. Ардак кароол тизилип, кызыл килемдер төшөлгөн.
Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинди жана КЭРдин Биринчи айымы Пэн Лиюанды тосуп алышты.
Өз ара саламдашуу жана Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Андан соң мамлекет башчылары Ардак кароол ротасын кыдырып өтүп, тууга таазим кылышты. КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин ротага кайрылып: “Салам, аскер!” – деп саламдашты.
Андан кийин лидерлер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып, Ардак кароол ротасынын салтанаттуу жүрүшүн көрүштү.
Азем аяктагандан кийин мамлекет башчылары жана биринчи айымдар биргелешип сүрөткө түшүү үчүн “Ынтымак Ордо” имаратына бет алышты.
Андан соң Президент Садыр Жапаров менен КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жыйындар залына киришти.