Бахрейн Королу Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Бахрейндин Королу Хамад бин Иса бин Салман Аль Халифа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Боордош өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик майрам менен Сизди өзүмдүн жана Бахрейн элинин, Өкмөтүнүн атынан куттуктоо мен үчүн чоң кубаныч. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми кыргыз элине өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”, – деп айтылат куттуктоодо.