Марокко Падышасы Мухаммед VI Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Марокконун Падышасы Мухаммед VI Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөлөрүбүздү байланыштырып турган бир туугандык мамилелерди жана достукту жогору баалай турганымды белгилегим келет.
Буга байланыштуу Сиздин Урматтуу даражаңыз менен биргеликте кызматташтыгыбызды мындан ары бекемдөө жана элдерибиздин үмүт-тилектерин ишке ашыруу үчүн биргелешкен ишибизди улантууну чыдамсыздык менен күтүп жатам”, – деп айтылат куттуктоодо.