Казакстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Бул маанилүү дата кыргыз элинин эркиндикке, эгемендүүлүккө жана өз алдынча мамлекет болууга умтулуусун айгинелейт. Ушул жылдар аралыгында Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн түптөөдөн тартып туруктуу өнүгүүгө чейинки татаал жолду татыктуу басып өтүп, мамлекеттүүлүгүн чыңдап, бай руханий мурасын сактап, эл аралык аренада кадыр-барктуу мамлекетке айланды.
Буга Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы айкын далил болот.
Сиздин күчтүү жетекчилигиңиздин алдында Кыргызстанда экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана элдин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган масштабдуу өзгөрүүлөр ишке ашырылууда.
Казакстан менен Кыргызстанды кылымдарды карыткан достук жана ынак коңшулук салттарына негизделген чыныгы боордоштук мамилелер байланыштырып турат.
Өлкөлөрүбүз өз ара ишеним жана тилектештиктин бекем негизине таянып, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык алакаларды ырааттуу өнүктүрүп келе жатат.
Казак-кыргыз мамилелери мындан ары да элдерибиздин жыргалчылыгы жана Борбор Азиянын гүлдөп-өнүгүшү үчүн динамикалуу түрдө чыңдала берет деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоодо.
Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго түгөнгүс күч-кубат жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.