Кытайдын Кыргызстанга 5 жылдагы инвестициясы $1,8 млрд түздү
2021-2025-жылдар аралыгында Кытайдан Кыргызстанга келген түз инвестициялардын көлөмү 1 млрд 850 млн долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын негизги милдеттеринин бири — кызматташтыктын басымдуу бөлүгүн түзгөн соода моделинен инвестициялык өндүрүшкө, технологияларды локалдаштырууга жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргелешип чыгууга өтүү.
“Кызматташтыктын жаңы этабынын негизги белгилеринин бири — Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу. Ал жаңы экономикалык коридорду түзүп, логистиканы, индустриалдык парктарды өнүктүрүүгө жана экспортту көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстан “Бир алкак — бир жол” демилгесин инфраструктураны, сооданы жана инвестицияларды өнүктүрүүнүн маанилүү платформасы катары карайт”, — деди ал.
Эрлист Акунбеков белгилегендей, өлкөдө өнөр жай, энергетика жана санариптик инфраструктура жаңыланууда. Кытайдын капиталын тартуунун артыкчылыктуу багыттары катары өнөр жай жана өндүрүштү локалдаштыруу, энергетика жана “жашыл” экономика, айыл чарба жана кайра иштетүү, ошондой эле санариптештирүү жана технологиялар белгиленүүдө.
“Кыргызстандын өнөр жай тармагында Кытайдын катышуусунда 968 ишкана катталган, алардын 190у иштеп жатат. 2025-жылы Кытайдын түз инвестицияларынын болжол менен 75 пайызы, тактап айтканда, дээрлик 466 млн доллар кайра иштетүү өнөр жайына багытталган. Биздин кийинки кадамыбыз — өндүрүштү, транспорттук технологияларды кеңири локалдаштыруу жана Кыргызстан, ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдүн рыноктору үчүн продукция чыгаруу”, — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Энергетика жана “жашыл” экономика тууралуу сөзүндө кытайлык өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.
“Кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясын куруу долбоору ишке ашырылууда. Ага 55 млн 800 миң доллар инвестиция салынууда. Ошондой эле кубаттуулугу 21 МВт болгон Орто-Токой чакан ГЭСинде монтаждоо иштери аяктап жатат. Биз генерацияга, инфраструктураны модернизациялоого жана “жашыл” энергетикага Кытайдын жаңы инвестицияларын жана технологияларын тартууну көздөйбүз”, — деп баса белгиледи Акунбеков.
Ал айыл чарбасын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө да өзүнчө токтолуп өттү.
“2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын Кытайга экспорту 73 млн долларга жетти. Биздин милдет — продукцияны терең кайра иштетүү, азык-түлүк өндүрүү жана логистиканы өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу кошумча наркы жогору продукциялардын үлүшүн көбөйтүү”, — деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын айтымында, кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири — санариптештирүү.
“Биз жасалма интеллект, маалыматтарды иштетүү борборлорун, санариптик кызматтарды жана квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз”, — деди Эрлист Акунбеков.