Кыргызстанда 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

 Кыргызстанда 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Кыргызстанда түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп, бүгүнкү күнгө карата 365,9 миң гектар жерден эгин жыйналды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпы 1 млн 69,8 миң тонна дан алынды.

“Быйыл дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарына орточо 27,6 центнерди түзүүдө. Өткөн жылы бул көрсөткүч 24,8 центнер болгон. Анын ичинде 205,7 миң гектар буудай жыйналып, 617,5 миң тонна түшүм алынды. Аймактар арасында Чүй облусу алдыда болуп, анда 663 миң тонна дан жыйналды. Ош облусунда 204 миң тонна дан алынган”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, өлкөдө 363,2 миң тонна жашылча, 178,5 миң тонна картошка жана 83,4 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды.

Түшүм жыйноо иштери бардык аймактарда улантылууда.

Связанный пост