Ошто 3 миң тоннадан ашык мазут камдалды

 Ошто 3 миң тоннадан ашык мазут камдалды

Ош шаарында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өтүп, жылытуу мезгилине даярдык иштеринин жүрүшү талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйын мэрдин орун басары Эрнис Толтоевдин жетекчилиги алдында өтүп, анда тиешелүү мекеме-ишканалардын даярдыгы тууралуу маалыматтар угулду.

Ош шаарынын жылуулук электр борборунда 3 буу казаны даярдалып, 3 миң 115,3 тонна мазут ташылып келинген. Ал эми “Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасына караган 111 откананын 74ү даярдалды. Көмүрдүн жалпы запасы 6153 тоннаны түзөт.

Мындан тышкары, электр тармактарында, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде кышка даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Жыйындын соңунда тиешелүү жетекчилерге жылытуу мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасы берилди.

Связанный пост