ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары учурунда жол коопсуздугу күчөтүлөт

 ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары учурунда жол коопсуздугу күчөтүлөт

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги аймактардагы түзүмдөрдүн жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, кеңешмеде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Жетекчилик кызмат өтөөнүн сапатын жогорулатуу, жол кырсыктарынын алдын алуу, күч жана каражаттарды туура бөлүштүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле кызматкерлер арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, жарандар менен баарлашууда жогорку маданиятты камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

ЖКККББнын жетекчилиги алдыдагы эл аралык жана республикалык маанидеги иш-чаралар маалында кызматтык даярдыкты күчөтүп, коюлган тапшырмаларды так аткарууну талап кылды.

Связанный пост