Жыл башынан бери 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү

 Жыл башынан бери 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү

2026-жылы республика боюнча жалпы 683 гектар жер аянты менен 65 айыл чарба кооперативи түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүнө ишке кирди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Баткен облусунда – 4;
  • Нарын облусунда – 6;
  • Чүй облусунда – 10;
  • Ысык-Көл облусунда – 8;
  • Ош облусунда – 17;
  • Жалал-Абад облусунда – 2;
  • Талас облусунда –18.

“Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана өнүктүрүү иштери министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасынын” алкагында жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост