“Кыргызфармация” мамлекетке 138 млн сомго жакын зыян келтирген
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасында дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алуунун мыйзамдуулугу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2024-2026-жылдары саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыгы эске алынбастан сатып алынган 74,1 млн сомдук дары-дармектин 60 түрүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен.
Мындан тышкары, тиешелүү билдирмелерсиз 63,8 млн сомдон ашык медициналык буюм сатып алынып, алар кампаларда пайдаланылбай калган.
Анын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян алдын ала 137 млн 950 миң сом деп бааланууда.
Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337 жана 339-беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.