Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сом деп белгиленди

 Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сом деп белгиленди

Өлкөдө көмүр сатуу 12-августта башталып, Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сом деп белгиленди. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы директору Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек жана Чүй облусундагы көмүр кампаларга Кара-Кече көмүр кенинен казылып алынган көмүр жеткирилүүдө.

“Көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте эсептелинди. Бишкек шаары боюнча сатыла турган көмүрдүн баасы 7 миң сомдон ашпасын деп, бүгүнкү күндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен эки тараптуу келишим түздүк”, — деди ал.

Садыралиев белгилегендей, 7 миң сомдук баага көмүрдү өндүрүү, Кара-Кечеден тиешелүү калктуу конушка жеткирүү, көмүр базаларында иштеген техникалардын чыгымы, коммуналдык кызматтар жана кызматкерлердин эмгек акысы кирет. Ошонун баарын эске алганда көмүрдүн тоннасына баасын 7 миң сомдон ашырбоо боюнча келишим түзүлгөн.

Ал эми Чүй облусунун райондорунда көмүрдүн баасы жеткирүү аралыгына, жалпы кеткен чыгымга карата айырмаланат. Мисалы, Токмок шаарында көмүрдүн тоннасы 6 миң 700 сом деп белгиленген, ал эми Кара-Балтада мындан 200-300 сомго кымбатырак сатылат.

“Негизинен жолдун аралыгына жараша жалпы кеткен чыгымга карата баада айырмачылыктар бар”, — деп түшүндүрдү Рустамбек Садыралиев.

Ошондой эле учурда Миң-Куштагы Ак-Улак көмүр кенинде көмүрдү даярдоо иштери жүргүзүлүп, жакын арада ал жактан көмүр ташылып келери кошумчаланды.

Связанный пост