Көчмөндөр оюндары: Даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жыйын өттү

 Көчмөндөр оюндары: Даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жыйын өттү

Минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Улан Маматканов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы жана эң жооптуу этапга киргенин белгиледи. Ал оюндарды өткөрүүнүн жогорку уюштуруучулук деңгээлин камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жыйында эл аралык иш-чаранын жалпы программасы, маданий, спорттук жана илимий программалар, ошондой эле оюндарды жабуу салтанатынын концепциясы каралды.

Өзгөчө көңүл транспорттук логистика жана катышуучуларды жайгаштыруу, аккредитациялоо, медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык камсыздоо, ошондой эле “Кырчын” этно шаарчасы, Көчмөндөр цивилизациясы борбору, “Рух-Ордо”, ипподром жана спорттук аянтчалар сыяктуу негизги объектилердин даярдыгы маселелерине бурулду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга даярдык иш-чараларын аяктоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Связанный пост