Кыргызстанда улуттук BARS электромобилдери чыгарыла баштайт
Кыргызстанда жакынкы айларда BARS улуттук бренди астында электромобилдери чыга баштайт.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашыруунун даярдыгы учурда 75 пайызга жетип, заводду 2026-жылдын III кварталында пайдаланууга берүү пландалууда.
Жаңы өндүрүш ички рынокту экологиялык жактан таза транспорт менен камсыз кылууга жана экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган.
Негизги көрсөткүчтөр:
- Жылына 10 миңге чейин электромобиль
- 100 адам жумуш оруну менен камсыз болот.
- Ички керектөө жана сырткы экспортко чыгарылат.
“Өндүрүш ишканасынын ишке кириши өлкөнүн автоөнөр жай тармагын өнүктүрүүдө жана ”жашыл“ экономиканы чыңдоодо маанилүү кадам болот”,-деп айтылат маалыматта.