Бишкекте коомдук транспорттун ишинин сапатын жогорулатуу каралды

 Бишкекте коомдук транспорттун ишинин сапатын жогорулатуу каралды

Коомдук транспорттун ишин илгерилетүү максатында “Бишкек шаардык транспорту” муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин жана каттам бригадирлеринин катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда коомдук транспорттун ишинин сапатын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылуу, калкты тейлөө маданиятын, ошондой эле айдоочулардын эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча маселелер талкууланды.

​Жыйында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жол кырсыктарын алдын алууну күчөтүү жана транспорттун тийиштүү техникалык абалын камсыз кылуу боюнча милдеттер коюлду.

​Мындан тышкары, айдоочулардын эмгек акысы маселелери боюнча толук маалымат берилди.

​Жыйында каттам бригадирлерине айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле эмгек тартибин, жол кыймылынын коопсуздук талаптарын жана жүргүнчүлөрдү тейлөө стандарттарын сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Связанный пост