Өлкөдө 261 миң гектар аянттагы арпа, буудай жыйналды

 Өлкөдө 261 миң гектар аянттагы арпа, буудай жыйналды

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, республика боюнча бүгүнкү күнгө карата 261 миң гектар аянттагы түшүм жыйналды.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, анын ичинен 139 миң гектар буудай, 121 миң гектар арпа, 770 гектар жүгөрү жана 200 гектар чанактуу өсүмдүктөр жыйналды.

Облустар боюнча эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда катталып, оруп-жыйноо иштери пландын 50,8 пайызына же 140,1 миң гектарга жетти. Ош облусунда өнөктүк 56,8 пайызга, Жалал-Абад облусунда 52,9 пайызга аткарылды. Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында түшүм жыйноо иштери уланууда.

Министрлик белгилегендей, айыл чарба өсүмдүктөрүн өз убагында жыйноо боюнча иштер өлкөнүн бардык аймактарында графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.

Связанный пост