“Бала ырысы” жөлөк пулун төлөөгө 235,7 млн сом багытталды

 “Бала ырысы” жөлөк пулун төлөөгө 235,7 млн сом багытталды

2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулу 191 миң 796 балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-августта жөлөк пулду төлөөгө 235,7 млн сом каржыланды. Эми коммерциялык банктар алуучулардын эсептерине каражаттарды которууну баштайт.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда төрөлгөндөн 3 жашка чейинки балдар үчүн “Бала ырысы” мамлекеттик жөлөк пулун дайындоого арыздарды кабыл алуу башталган.

Связанный пост