Японияда Кыргызстандын суу-энергетикалык потенциалынын бет ачары өттү
КРнын өкмөттүк делегациясынын Японияга жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн суу-энергетикалык потенциалынын бет ачары болуп өттү.
Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан даярдалган презентацияда кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасалган.
Бет ачардын жыйынтыгында 2022-жылдын декабрь айында «Muroosystems Corporation» компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн Кыргыз Республикасына келүүсү боюнча макулдашууга жетишилди.