Шайлоо тутумундагы жаңы өзгөрүү: Округдук комиссиялардын статусу бекитилди

 Шайлоо тутумундагы жаңы өзгөрүү: Округдук комиссиялардын статусу бекитилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы укуктук карама-каршылыктарды жана боштуктарды, иш жүзүндө колдонулбай, актуалдуулугун жоготкон ченемдерди жоюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарында белгиленген шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын унификациялоо болуп саналат.

Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

– “округдук шайлоо комиссиялары” түшүнүгү менен толуктоо жана аларды шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасына киргизүү;

– округдук шайлоо комиссияларынын укуктук статусун, ишин жана аларды түзүү жана таркатуутартибин жөнгө салуучу жоболорду киргизүү;

– “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинде аныкталган аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө тиешелүү болгон укуктук статусту округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жайылтуу;

– укуктук карама-каршылыктарды четтетүүгө жана редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү киргизүүгө багытталган өзгөртүүлөр.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Связанный пост