БШКнын иши оптималдаштырылды
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамына кол койду.
Конституциялык мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Конституциялык мыйзамдын максаты болуп Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктарын оптималдаштыруу, эскирген жана ашыкча жоболорду алып салуу, терминологияны башка ченемдик укуктук актылар менен унификациялоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызмат орундарын ээлөө тартибинин өзгөрүшүнөн келип чыккан карама-каршылыктарды жоюу, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун беш жылдык циклы менен шайлоо округдарын түзүү мөөнөттөрүн аныктоо саналат.
Алсак, кабыл алынган мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
– Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары зарыл болгон учурда видеоконференция байланышын пайдалануу менен өткөрүлүшү мүмкүн. Мында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жыйналышка видеоконференция байланышын пайдалануу менен катышкан учурда тиешелүү жыйналышка катышты деп эсептелет;
– эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер же болбосо алардын өкүлү болуп көрсөтүлсө, ал Жогорку Кеңештин чечимисиз милдеттеринен бошотулду деп эсептелет. Мында көрсөтүлгөн учурларда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып токтотулду деп эсептелет;
– шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемалары жана чек аралары 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Аталган конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.