Таласта 165 млн сомго курулган жаңы борбордук сейил бак ачылды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук сейил бактын ачылыш аземине катышып, бир катар социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Талас шаарынын тургундарын жаңы сейил бактын ачылышы менен куттуктап, мамлекет шаарды өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сом бөлгөнүн жана учурда облуста социалдык жана инфраструктуралык объектилер курулуп жатканын белгиледи.
“Өлкөнүн бардык аймактарында жаңы мектептер, ооруканалар, жолдор, стадиондор, аэропорттор жана сейил бактар курулууда. Бул — Президент жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясаттын натыйжасы. Бул саясаттын негизги максаты — өз элине кызмат кылган мамлекетти куруу. Курулган ар бир мектеп — билим берүүгө салынган инвестиция; ар бир жаңы оорукана — адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө болгон камкордуктун белгиси; салынган ар бир жол — маанилүү экономикалык артерия; ал эми ар бир сейил бак — улуттун жашоо сапатына, ден соолугуна жана келечегине салынган салым. Бул сейил бак жалпы суммасы 165 миллион сомду түзгөн бюджеттик каражаттын эсебинен курулду. Анда заманбап аттракциондор, жашыл аймактар, жарыктандырылган жөө жүрүүчү жолдор жана шаар тургундары үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анын чыныгы баалуулугу мына ушул жерде – балдардын күлкүсү жаңырып, жаштар кыял-максаттарын ишке ашырып, үй-бүлөлөр бактысын бекемдеп, ал эми улуу муун батасын берип тураарында жатат”, — деди Адылбек Касымалиев.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ал Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун жаңы имаратынын, Талас шаарындагы 5311 орундуу стадиондун жана “Акылман” президенттик лицейинин курулушун, ошондой эле К. Нуржанов атындагы аллеясын реконструкциялоо иштерин карап чыкты. Аталган объекттердин курулушун ушул жылдын август айында аяктоо пландалууда. Бул социалдык объекттердин ачылышы өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө туш келет деп күтүлүүдө.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү мекемелердин жетекчилерине социалдык объекттердин курулушун сапат талаптарына жана заманбап стандарттарга ылайык келтирүү менен, белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.