“Бала ырысы”: Баланын жарандыгын тастыктаган маалымкатты КТБдан алуу керек
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Бала ырысы” жөлөк пулун тариздөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Министрликтин маалыматына караганда, эгерде балада Кыргызстандын жаранынын жалпы жарандык паспорту жок болсо, жөлөк пул алуу үчүн анын Кыргызстандын жарандыгына таандык экендигин тастыктоо талап кылынат.
“Ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлү “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборуна кайрылып, баланын Кыргызстандын жарандыгына таандык экендигин тастыктаган маалымкат алышы керек. Операторго маалымкат дал ушул “Бала ырысы” жөлөкпулун тариздөө үчүн керек экенин эскертүү зарыл”, – деп айтылат маалыматта.
Маалымкатты алуу үчүн электрондук кезекке талон талап кылынат. Документ белгиленген тартипте даярдалып, ага 14 жумуш күнүнө чейин убакыт кетет.
Буга байланыштуу Эмгек министрлиги жөлөк пулду дайындоодо кечигүүлөр жаралбашы үчүн бул документти алдын ала тариздеп алууну сунуштайт.