Президент: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу менен дүйнөгө жол ачылат
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомдо кызуу талкууланып жаткан жер маселеси, тышкы карыз, темир жол курулушу, туризм жана энергетика боюнча билдирүү жасады.
Президенттин айтымында, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулса Кыргызстан туюк өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланып, Кытай менен дүйнөнүн ортосун бириктирет. Натыйжада өлкө дүйнөгө эшик ачып, толук көз карандысыздыкка жетет.
“Транзит үчүн бүгүн Кумтөрдөн алган кирешедей эле түбөлүк киреше алабыз. Бул экинчи Кумтөр болот десек болот. Бүгүнкү күнгө чейин биз туюк өлкөдө жашап келдик, темир жолубуз да, автожолдорубуз да туюк, товарларды экспорт-импорт кылууда дайыма көз карандыбыз”, – деди өлкө башчысы.
Садыр Жапаров стратегиялык жолду курууда эмне үчүн чет өлкөлүк адистердин жардамы тартылып жатканын да түшүндүрдү. Анын айтымында, өз адистерибизди даярдоону күтүп отурсак, ондогон жылдар өтүп, коңшу өлкөлөрдөн дагы 10-15 жылга артта калуу коркунучу бар.
Ошондой эле мамлекет башчысы бул масштабдуу долбоордун бүтпөй калышына кызыкдар сырткы жана ички терс күчтөр бар экенин эскертти.
“Эгер бул темир жол токтоп калса, биз мурдагыдай эле түбөлүк көз каранды мамлекет бойдон калабыз, келечегибиз туман болот. Биз мамлекеттин келечеги үчүн кандай гана терс күчтөр болбосун жеңип чыгышыбыз керек. Акылы тунук, алысты көрө билген жарандарыбыз чакырык жасагандарды тартипке келтиргиле. Өлкөнүн өнүгүшүнө пайдасы тийбесе да, зыянын тийгизишпесин”, – деди Жапаров.