45 градустагы ысык электр чубалгыларынын өткөрүмдүүлүгүн азайтат

 45 градустагы ысык электр чубалгыларынын өткөрүмдүүлүгүн азайтат

Абанын температурасы 45 градуска жеткен учурда электр чубалгыларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 25%га чейин төмөндөп, мындай шартта кадимки учурдагы 100% өткөрүмдүүлүк 75%га чейин азаят. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирди.

Анын айтымында, жогорку температура жана электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү энергетика тутумуна кошумча күч келтирүүдө. Учурда республика боюнча айрым аймактарда энергетикалык жабдуулар өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатат.

“Абанын температурасы 45 градуска чыкканда аба чубалгыларынын техникалык өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Мындай учурда чубалгыларды ысып кетүүдөн, көмөк чордондорду жана башка жабдууларды сактап калуу үчүн алдын алуу жөнгө салуу иштери жүргүзүлөт. Негизги максат — коопсуздукту камсыз кылуу. Анткени, чоң жабдууларга күч келип, тиешелүү чаралар көрүлбөсө, чубалгылардын күйүп кетүү же иштен чыгуу коркунучу жаралат”, — деди министр.

Ал белгилегендей, электр энергиясын керектөө өзгөчө Бишкектин четки райондорунда жана Чүй облусунун борборго жакын аймактарында көбөйүп, электр тармагына болгон жүктөм жогорулаган.

Ошондой эле республика боюнча 19-июлда электр энергиясын колдонуу рекорддук деңгээлге жеткени кошумчаланды.

Связанный пост