Ысык-Көлдө зыяндуу зат чыгарды делген кеменин иши токтотулду

 Ысык-Көлдө зыяндуу зат чыгарды делген кеменин иши токтотулду

Ысык-Көлдө зыяндуу түтүн чыгарды делген “Горизонт” теплоходунун иши токтотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда аталган теплоход Ысык-Көлдүн акваториясына зыяндуу заттарды чыгарып жатат деген видео тараган.

Буга байланыштуу министрликтин Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору тарабынан борт номери ИК-31 болгон “Горизонт” теплоходу техникалык кароодон өткөрүлүүдө.

“Азыркы тапта тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан комплекстүү текшерүү жүргүзүлүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кеме техникалык жактан жарактуу деп табылып, мыйзам талаптарына толук жооп берген учурда гана анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө уруксат берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост