“Формула-1”: Ысык-Көл облусунда 6 миңден ашуун көчөт отургузулат

 “Формула-1”: Ысык-Көл облусунда 6 миңден ашуун көчөт отургузулат

17–18-июль күндөрү Ысык-Көл облусундагы Боз-Салкын жана Дөң-Талаа аймактарында 6 миңден ашуун көчөт отургузуу акциясы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын суу-мотор спорту федерациясы суудагы “Формула-1” долбоорунун жана “Жашыл Дем” демилгесинин алкагында билдирди.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, эки күндүк иш-чарага ыктыярчылар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнөктөш уюмдар, жергиликтүү тургундар, бизнес өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары катышат.

Негизги көчөт отургузуу иштери 6 гектар аянтты ээлеген Боз-Салкын тилкесинде жүргүзүлүп, бул жерге 5 миңге жакын көчөт отургузулат. Ал эми Дөң-Талаа аймагына дагы 1 миң көчөт тигилет.

Белгиленгендей, “Жашыл Дем” долбоору токой аянттарын калыбына келтирүүгө, экологиялык абалды жакшыртууга жана жаратылышка аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга багытталган.

Связанный пост