Кадамжайда 90 орундуу жаңы бала бакча Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат
Кадамжай шаарында 90 орундуу “Аленушка” балдар бакчасынын курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берүүгө даярдалууда.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, имарат синистрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын алкагында АРИС тарабынан аркылуу курулду.
Долбоордун жалпы баасы 69 млн сомду түздү. Эки кабаттуу бала бакчада заманбап окуу жана оюн бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, ашкана, санитардык түйүндөр жана заманбап жылытуу системасы каралган.
Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев объекттин даярдыгы менен жеринен таанышты. Ал тиешелүү мекемелерге бардык уюштуруу иштерин өз убагында бүткөрүп, бала бакчаны 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата расмий түрдө ачуу тапшырмасын берди.
Бул маанилүү социалдык объекттин ишке кириши Кадамжай шаарынын тургундары үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатат.