Марлен Маматалиев менен Пакистандын президенти жолугушту
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев “Манас” аба майданынан Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардарини тосуп алды.
Андан соң тараптар “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу ой бөлүштү.
Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Пакистандын мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунда маанилүү маселелер талкуулангандыгынан кабардар экенин билдирип, жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн өнөктөштүгүн өрчүтүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничте экенин кошумчалады.
“Ал эми Жогорку Кеңеш макулдашууларды мыйзамдык жактан бекемдеп, алардын ийгиликтүү ишке ашуусуна көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Бул үчүн парламенттер аралык алакаларды да жигердүү өнүктүрүп, тармактык комитеттердин деңгээлинде да тыгыз иш алып баруубуз кажет”, – деди Төрага.
Айрыкча эки өлкө ортосунда коюлган экономикалык милдеттер парламенттер тарабынан толук колдоого алынышы керектигин айткан Марлен Маматалиев: “Инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, соода жүргүзүүнү жеңилдетүүгө жана ишкерлер үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүүгө багытталган мыйзамдык базаны калыптандырып, Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарышыбыз зарыл”, – деген оюн билдирди.
Мындан тышкары, билим берүү, саламаттык сактоо, санариптик экономика жана инвестицияларды коргоо чөйрөлөрүндө да биргелешип иш алып баруу керектигине токтолду.
Өз кезегинде Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари Кыргызстандагы расмий сапары жемиштүү болуп жатканын белгилеп, анын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу учкай кеп кылды.
Ошону менен катар мамлекеттер аралык байланыштарды парламенттер аралык кызматташтык аркылуу да улантуу зарыл экенин белгилеп, мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы өнөктөштүк жетишилген келишимдерди ишке ашырууга чоң көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.
“Биз Кыргызстан менен бардык багыттарда кызматташып, парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөгө да кызыкдарбыз. Андыктан бүгүнкү жолугушуубуз алакаларды арттырууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди Президент Асиф Али Зардари.
Ага ылайык тараптар биргелешкен иш аракеттер жана долбоорлор тууралуу пикир алмашып, кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.