Соң-Көлдөн 37 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Соң-Көлдө экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Рейд “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, анын алкагында жалпы узундугу 37 миң метрди түзгөн мыйзамсыз торлор чыгарылды.

Аталган иш-чаралар Соң-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ресурстарын коргоого жана көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.

Связанный пост