Оштун Жаңы-Маала конушунда окуучулардын документтери калыбына келтирилүүдө
Ош шаарындагы Жаңы-Маала конушунун тургундарынын балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институту жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында маалым болду.
Алгач мекеме аралык жумушчу топ маалыматтарды тактап, коомчулукта тараган ката пикирлерди жокко чыгарды. Буга чейин социалдык тармактарда бул маселе Ош шаарындагы №20 И.Раззаков атындагы мектепке (мурдагы ВЛКСМ) таандык деп жаңылыш айтылган. Чындыгында, №20 мектепте мындай маселе жок жана ВЛКСМ мектеби Ош шаарына эмес, Кара-Суу районуна карайт. Негизги маселе Жаңы-Маала конушунун тургундарына гана байланыштуу экендиги такталды.
Ош шаарынын мэриясынын токтому менен түзүлгөн жумушчу топтун (ЗАГС, Паспорт кызматы, Социалдык коргоо, МАБ) ишинин натыйжасында көйгөйлөрдүн басымдуу бөлүгү чечилди.
“9-классты аяктаган 92 бүтүрүүчүнүн ичинен 81 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү калыбына келтирилип, аларга негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүктөрү (аттестаттары) колго тийди. Текшерүүдө окуучулардын көбүнүн күбөлүктөрү өз үйлөрүндө эле сакталып турганы аныкталган. Учурда документтери жок 11 окуучу калды. Алардын бардыгы өз убагында үй шартында төрөлгөндүктөн, күбөлүк алуу кошумча юридикалык жол-жоболорду талап кылууда”, — деп айтылат маалыматта.