ЖК төрагасы ШКУга мүчө мамлекеттердин Эл аралык жаш окумуштуулар лагеринин ачылыш аземине катышты
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусундагы Президенттик «Акылман» лицейинде өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Эл аралык жаш окумуштуулар лагеринин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Иш-чарада Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштуулары, илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү болду.
Аземде сөз сүйлөгөн Төрага аталган лагер жаш изилдөөчүлөрдү бириктирип, билим жана тажрыйба алмашууга, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы илимий кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча экенин баса белгиледи.
«Бүгүнкү күндө мамлекеттердин өнүгүүсү жаратылыш байлыктары менен гана эмес, адам капиталынын сапаты, билим деңгээли жана илимий-инновациялык мүмкүнчүлүгү менен аныкталууда. Дал ушул себептен жаш окумуштууларды колдоо ар бир мамлекеттин келечегине салынган эң ишенимдүү инвестиция», – деди Марлен Маматалиев.
Ошондой эле Төрага Шанхай кызматташтык уюму бүгүн дүйнөдөгү эң ири жана таасирдүү аймактык бирикмелердин бири катары коопсуздукту камсыздоо, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, транспорттук өз ара байланышты кеңейтүү, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу, маданий-гуманитардык алакаларды жана илимий-инновациялык өнөктөштүктү чыңдоо багыттарында ырааттуу иш алып барып жатканын белгиледи.
Андан сырткары, акыркы жылдары жасалма интеллект, санариптик технологиялар, биотехнология, робототехника, чоң маалыматтарды талдоо, космостук технологиялар жана жашыл энергетика сыяктуу тармактар дүйнөлүк өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычына айланганына токтолгон Марлен Маматалиев мындай шартта мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү биринчи кезекте алардын интеллектуалдык потенциалы менен аныкталарын кошумчалады.
Андыктан билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айткан Төрага жаш окумуштууларды колдоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, университеттердин эл аралык кызматташтыгын кеңейтүү, инновациялык экосистеманы калыптандыруу жана санариптик трансформацияны илгерилетүү алгылыктуу жумуштар жасалышы зарыл экенин билдирди.
Бул жаатта Жогорку Кеңеш дагы билим берүү, илим, инновация, интеллектуалдык менчик, санариптик технологиялар жана жаштар саясаты жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү өзгөчө көңүл буруп жатканын мисал кылды.
Сөзүнүн соңунда Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында илимий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, биргелешкен илимий долбоорлорду көбөйтүүгө жана жаш окумуштуулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө даяр экенин баса белгилеп, лагердин катышуучуларына ийгиликтерди, жемиштүү талкууларды жана жаңы илимий жетишкендиктерди каалады.