Акунбеков “Кыргызнефтегаз” жана “КПК” ишканаларынын маселелерине байланыштуу жыйын өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана мунай менен иш алып барган бир катар жеке компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Отурумда негизинен “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү каралып, 2021-2025-жылдарга жана 2026-жылдын 6 айына карата ишкананын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу баяндама жасалды. Анда мунай өндүрүү, газ өндүрүү, бургулоо иштеринин жүрүшүү, продукцияларды сатуунун көлөмү жана киреше бөлүгү, төлөмдөр, активдер сыяктуу аткарылган иштер белгиленип, алдыдагы пландары талкууланды.

Белгилей кетсек, “Кыргызнефтегаз” ишканасы 14 чет элдик инвестициялык компания менен иш алып барат. Инвесторлор скважиналарды бургулоо жана капиталдык оңдоо иштерине байланышкан бардык финансылык чыгымдарды өз каражаттарынын эсебинен каржылайт. Отурумдун соңунда Эрлист Акунбеков “Кыргызнефтегаз” жана жеке комапнияларга мунай продукциялары менен өлкөнүн ички рыногун камсыздоо боюнча иш-аракеттерин күчтөндүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле, МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунун нефтини кайра иштетүүчү заводун реконструкциялоо жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Петролеум Компания” ЖАКда өндүрүлгөн продукция тиешелүү талаптарга жооп беришин камсыздоо үчүн нефтини кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо милдети коюлган. Долбоордун жалпы суммасы 409,9 млн доллар. Оңдоо иштери менен жеринде таанышкан МинКаб Төрагасынын орун басары тиешелүү мекемке ишканалардын жетекчилерине аткарылып жаткан жумуштардын сапатына өзгөчө көңүл буруп, модернизациялоо иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Связанный пост