Минкабда КММ маселеси боюнча жыйын өттү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү күйүүчү-майлоочу май (КММ) менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.
Жыйында белгиленгендей, бул маселе министрлер кабинетинин туруктуу күн тартибинде турат. Күйүүчү май рыногун мониторингдөө иштери бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде тийиштүү ведомстволор жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө жүргүзүлүүдө.
Профилдик мекемелер мунай заттарынын учурдагы запастары жана рыноктогу абал боюнча маалыматтарды сунушташты. Өлкөгө күйүүчү майды жеткирүүнүн туруктуулугуна глобалдык геосаясий факторлор таасирин тийгизип, логистикалык чынжырларга жана баа түзүүгө кысым көрсөтүп жатканы белгиленди.
Адылбек Касымалиев КММны импорттоонун альтернативдүү булактары боюнча баяндамаларды укту. Жеткирүүлөрдү диверсификациялоо боюнча башталган иштер өз натыйжасын берип жатканы, бир катар жаңы багыттар боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишилгени баса белгиленди. Бул учурдагы кырдаалды көзөмөлдө кармоого мүмкүндүк берет.
Минкаб төрагасы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокто күйүүчү майдын жетишсиздигине жол бербөө стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Анткени, бул экономиканын бардык тармактарынын, анын ичинде агрардык сектордун жана транспорттун туруктуу иштешинин негизи болуп саналат.
Жыйындын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев жооптуу органдарга КММны жеткирүү абалына күн сайын мониторинг жүргүзүп, ыкчам отчетторду берип турууну тапшырды.
Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы мындай жыйындарды жума сайын өткөрүү практикасын бекемдөөнү, ыкчам чараларды көрүүнү жана бардык кызыкдар тараптардын туруктуу даярдыгын камсыздоону тапшырды.