Ысык-Көлдө тамактануучу жайлар текшерилүүдө

 Ысык-Көлдө тамактануучу жайлар текшерилүүдө

Жайкы туристтик мезгилге карата калктын жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл районундагы коомдук тамактануучу жайларда мониторинг жүргүзүлүүдө.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынан билдиришкендей, Санитардык-эпидемиологиялык кызмат менен биргеликте 22 коомдук тамактануучу жай текшерүүгө алынды.

Анда ишканалардын коштомо документтери, эт жана сүт азыктарынын сапаты менен сакталуу шарттары каралды.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында 6 коомдук тамактануучу жайда тиешелүү коштомо документтердин толук эместиги аныкталган. Аталган мыйзам бузуулар боюнча ишкана жетекчилерине эскертүүлөр берилип, кемчиликтерди жоюу боюнча консультативдик жардам көрсөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, текшерүү жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көзөмөл иштери мындан ары да улантылат.

Связанный пост